|
作词 : Маданбек уулу Бегалы |
|
作曲 : Маданбек уулу Бегалы |
|
Кара оюң сени каптап алган |
|
Айткан сөзүн жалган |
|
Канча адам добуш берип |
|
Сага өз үмүтүн салган |
|
Кээбирлерин сатып алдын |
|
Тактыга отуруп калдың |
|
Аяп койчу ымыркайды |
|
Аябасан дагы чалды |
|
Мен сени жаман көрүп |
|
Өз кызыкчылыгым ойлобойм |
|
урмат үчүн, хайп үчүн эмес |
|
Мен оюнуң ойнобойм |
|
Болгону элдин пикирин |
|
Айтам салып обонго |
|
Кичинекей Кыргызстандын |
|
Келечегин тонобо |
|
Башын менен Кара жерге кир |
|
Каргышы тийсин элдердин |
|
Арамга тойгон курсагын |
|
Жеп жатып жаттын эмгегин |
|
Өзүңдөн чыккан токуңду |
|
Өзүңө саттын кымбаттан |
|
Чет жактан келген сомуңду |
|
Чөнтөккө каттын бир паста |
|
Ызы чуу болгон чек араң |
|
Кысылып турат эл араң |
|
Жардамын берген тешиктен |
|
Желбиреп өтөт жел араң |
|
Көрүнбөгөн илдет жоо менен |
|
Доктурлар араң күрөштү |
|
Бийлики бар адамдарын |
|
Кыйратып экрандан сүйлөштү |
|
Жол салсаң да жейсин |
|
Үй салсаң да жейсин |
|
Көп салсаң да жейсин |
|
Аз салсаң да жейсин |
|
Жер сатсаң да жейсин |
|
Газ сатсаң да жейсин |
|
Алтындарым дейсиң |
|
Алтындарым дейсиң |
|
Бет кабыл жок дарыгерлер |
|
Ооруу жугузуп жүдөштү |
|
Айлыктары 500 жүз сомго |
|
Көбөйүптүр деп түнөштү |
|
Чет жакта калды жарандар |
|
Мекенин жапты эшигин |
|
Вокзалда жатты араңдап |
|
Кирерге таппай тешигин |
|
Сен менен анын ою жок |
|
Чөп жеген анын кою ток |
|
Боорукер эмес акылы |
|
Жаш бала анын ою шок |
|
Видеого тартып тараткан |
|
Активисттердей жоксунбу |
|
Урсунчу сени жараткан |
|
Арамдарды жеп токсунбу |
|
Жол салсаң да жейсин |
|
Үй салсаң да жейсин |
|
Көп салсаң да жейсин |
|
Аз салсаң да жейсин |
|
Жер сатсаң да жейсин |
|
Гас сатсаң да жейсин |
|
Алтындарым дейсиң |
|
Алтындарым дейсиң |
|
Аранарда барбы? |
|
Азаматтар алгыр |
|
Уурдалганды алып |
|
Казынага салгыр |
|
Качан тиет күнүң |
|
Же жай береби жамгыр |
|
Кууруп бүттү кыргыз |
|
Татаал экен тагдыр |