|
作词 : Begaly Madanbek Uulu |
|
作曲 : Ernest Jooshev |
|
Ой, комузчу, комузчу |
|
Чертип койчу комузду |
|
Элжиресин эт жүрөк |
|
Бийик чыгар добушту |
|
Мураталы чал тарткан |
|
Сынган бугу, Камбаркан |
|
Ушул сонун күүлөрдү |
|
Уккан жандар таң калган |
|
Ойго келбейт убайым |
|
Оюнуңа тунайын |
|
Токтогулдун Ботоюн |
|
Чертип койчу, угайын |
|
Жерде эмес, бийик көктөсүн |
|
Жаныңан кыздар кетпесин |
|
Козгоп-түзөп койдуң бейм |
|
Жүрөгүмдүн тепкесин |
|
Ниязалы сайраткан |
|
Боз торгойдой айдаткан |
|
Сары барпы күүнү черт |
|
Тыңшасын булбул чарбактан |
|
Ак куу канат каккандай |
|
Дарыя жылып аккандай |
|
Элестетем бир туруп |
|
Жаштар бирге баскандай |